Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы №118/21-5
Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борборунун Кенешинин курамын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 24-январындагы №1-22/191 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Коомдук алдын алуу борбору Кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин укук тартиби жана коргоону боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |