Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17-мартындагы №15
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза Кызмат” муниципалдык ишканасынын 2025 - жылга карата таштанды чыгарууга жана таза сууга болгон тарифтерин бекитүү
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2025 - жылга карата, таштанды чыгарууга жана таза сууга болгон тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- таштанды чыгаруу үчүн бир түтүнгө 200 сом,
- таза сууга Чет - Булак айылына техникалык сууну пайдалануу үчүн бир түтүнгө 130 сом, Казарман айылынын жашоочуларына киши башына таза сууга короонун ичинен 38 сом 50 тыйын , көчөдөн алып ичкендер үчүн 19 сом 25 тыйын менен бекитилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб - сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Акунова Зууракан Эсенкановнага жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов