Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы №117/21-5
Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 17-сентябрындагы №8/4-5 “2021-жылдын 13-августундагы №5/2-5 токтомунун 1-п. жокко чыгаруу жөнүндө жана Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын жаңы курамын бекитүү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 15-декабрындагы №102 токтомунун негизинде ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 17-сентябрындагы №8/4-5 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-тиркемеде социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Джунушалиев Сатыбалды Бакытбекович чыгарылсын жана Ташмамбетов Азат Шейшенаалиевич киргизилсин:
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |