Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 17-мартындагы №16
Каргалык айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Кыргыз Республикасынын “ Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19 - беренесине ылайык, Каргалык айыл аймагындагы № 2082 Казарман, № 2083 Аэропорт, № 2084 Жаңыбаева, № 2085 Чет - Булак, № 2086 Макмал, № 2087 Кара - Суу, № 2088 Табылгыты, № 2420 Чарабай участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнага жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов