Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы №116/21-5
Токмок шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Токмок шаардык кенешинин төрагасы Т.М. Сансызбаевдин кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 24-январындагы отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин депутаты Нурдинов Азамат Рахимжановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин төрагасы (Сансызбаев Т.М.) Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын дарегине Токмок шаардык кеңешинин депутаты Нурдинов Азамат Рахимжановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн сунуштама жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |