Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-августу № 521
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаза аткаруу системасы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелеринде:
- 58-пунктта "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 61-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61. Айыпталгандарды саламаттык сактоо уюмдарында конвой менен коштоо жана кайтаруу тергөө изоляторлорунун күчү жана каражаттары менен ишке ашырылат.
Соттолгондорду саламаттык сактоо уюмдарында конвой менен коштоо жана кайтаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин күчү жана каражаттары менен ишке ашырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги 1-пунктундагы "жазаларды" деген сөз "жаза" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пункттун 3-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ЖАСта мамлекеттик жана кызматтык сырларды камтыган маалыматтарды коргоону камсыз кылат;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) соттолгондорду дарылануу мезгилинде саламаттык сактоо мекемелеринде, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан, конвой менен коштоо жана кайтаруу.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 26-августундагы № 64 (3720) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |