Сравнение редакций…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы №114/21-5
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрында бекитилген №86/18-5 токтомуна “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу мүлк объектилерин, турак жай эмес имараттарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобого толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 26-декабрындагы №1-22/2819 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 24-январындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрында бекитилген №86/18-5 токтомуна “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылдуу мүлк объектилерин, турак жай эмес имараттарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобонун 8-бөлүмү төмөнкүдөй пункттар менен толукталсын:
-48.1.пункт «Мамлекеттик бюджеттен жарым-жартылай каржыланган мамлекеттик мекемелер жана ишканалар үчүн ижара акысынын өлчөмү мамлекеттик бюджеттен каржылоонун үлүшүнө пропорционалдуу суммага азайтылат».
-48.2.пункт «Бирдиктүү казыналык эсеп тутумунан тышкары өзүн өзү каржылаган жана тейлөөчү мамлекеттик мекемелер жана ишканалар мамлекеттик администрациялык имараттарда жана жайларда ижара келишиминин шарттарында жайгаштырылат».
-48.3пункт «Муниципалдык кыймылсыз мүлктү кайрымдуулук иштерине катышуучуларга берүү аукцион жана соода жүргүзбөстөн, ижара келишиминин шарттарында түз өткөрүп берүү жолу менен ишке ашырылат».
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №181/31-5 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ