Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы №113/21-5
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын эсебинен 37 100,0 миң сом суммасында акча каражаттарын максаттуу багыттоого макулдук берүү жөнүндө
2023-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын эркин калдыгын натыйжалуу жана сарамжалдуу колдонуу максатында, ошондой эле Токмок ш. мэриясынын катын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын жалпы 37 100,0 миң сом суммасында акча каражаттардын болушу эске алынсын.
2. Токмок шаарынын мэриясына иш-чараларды каржылоо үчүн эркин калдыкты максаттуу багыттого тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкаркармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) эркин калдыктын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу багыттар боюнча так жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |