Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 токтому менен бекитилди) |
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк”
ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун (мындан ары – “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу) чектөөгө кайрылуу, чектөө жана төлөө тартибин аныктайт.
2. Биринчи/экинчи баладан кийин эгиз/үч эм жана андан көп бала төрөлгөндө үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектелет.
3. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууга укугу бар ар бир бала үчүн өзүнчө арыз берилет.
4. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун каржылоо булагы болуп республикалык бюджет саналат.
5. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү райондук коэффициенттерди эсепке алуусуз эсептелет.
6. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) арыз берүүчү –“бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө үчүн арыз берген адам (анын ичинде кайрылмандар же жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлүп жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары) же жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат боюнча ишенимдүү адам;
2) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу – бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, ар бир төрөлгөн, асырап алынган, камкорчулукка алынган үчүнчү жана андан кийинки аны менен бирге жашаган бала 3 жашка толгонго чейин “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алган ата-энелердин бири (асырап алуучулар, камкорчулар);
3) калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр – калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү;
4) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү.
2-глава. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына
көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө жөнүндө арыз
берүүнүн негиздери жана тартиби
7. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө), алардын социалдык-экономикалык абалына жана 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан чектөөгө укуктуу:
1) үчүнчү жана кийинки ар бир бала (балдар) төрөлгөндө;
2) 3 жашка чейинки бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда.
8. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө жөнүндө арыз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык арыз берүүчү тарабынан төмөнкүдөй берилет:
1) “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” ВЭӨС) аркылуу электрондук форматта ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн жана электрондук арыз бергенде “Түндүк” ВЭӨСтө автоматтык түрдө чагылдырылган (эгерде бар болсо) санариптик документтерди тиркөө же “Түндүк” ВЭӨСтө жок болсо, сканерден өткөрүү жана электрондук арызга тиркөө менен;
2) эгерде “Түндүк” ВЭӨСтү колдонууга мүмкүн болбосо, арыз берүүчү жашаган жери боюнча ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө түздөн-түз арыз берүүгө укуктуу.
9. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектеле турган адамдын иш жүзүндө жашаган жери арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлөт.
10. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөөгө кайрылган күн болуп “Түндүк” ВЭӨСтө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө жөнүндө арыз катталган күн же ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн бардык зарыл болгон документтер болгондо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берилген күн эсептелет.
11. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө үчүн зарыл болгон документтер:
1) ата-эненин паспорту же кайрылман күбөлүгү;
2) бардык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (зарыл болгон учурда каза болгон балдарды кошкондо);
3) балдардын туулгандыгы жөнүндө маалымкат, эгиз же андан көп балдар бир убакта төрөлгөн учурларда (алардын төрөлгөн тартибин белгилөө үчүн);
4) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаганын ырастоочу жашаган/турган жери боюнча каттоосу жөнүндө маалыматтар;
5) жашай туруу укугу – жөлөкпул берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар ар айлык жөлөкпул алуу үчүн кайрылган учурда;
6) ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл арыз бергенде төмөнкүлөр зарыл:
– паспорт;
– жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
– балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.
12. Арыз берүүчүлөр социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөн “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуу маселелери боюнча түшүндүрмө алууга укуктуу.
3-глава. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына
көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө
жана чегерүү тартиби
13. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө үчүн документтер төмөнкүдөй түзүлөт:
1) электрондук түрдө арыз бергенде “Түндүк” ВЭӨСтүн базасында;
2) кагаз түрүндө арыз бергенде социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – АМС) базасында.
14. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм “Түндүк” ВЭӨСтүн жана АМСтин базаларында арыз берүүчү тарабынан берилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерет.
15. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм жетишпеген же тактоону талап кылган документтер жана маалыматтар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдө интеграциялоо аркылуу бир жумуш күндүн ичинде маалыматтарды сурайт.
16. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө жөнүндө арыздарды каттоодо арыз берүүчүнүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашагандыгы боюнча автоматташтырылган контролдоону камсыз кылат.
17. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөөгө арыздарды каттоодо төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) балдардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) балдардын туулган датасы;
3) ата-энесинин жарандыгы;
4) баланын жаңы фамилиясы, аты, атасынын аты алар өзгөргөн учурда;
5) баланын жаңы идентификациялык жеке номери ал өзгөргөн учурда (ИЖН) (асырап алуу, туулган күнүн өзгөртүү, ИЖНдеги каталарды оңдоо).
18. Жаңы электрондук арызды каттоого төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1) фамилиясын/атын/атасынын атын өзгөртүү мамлекеттик катталганга чейин фамилиясы/аты/атасынын аты менен “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө тууралуу мурда катталган арыз бар болсо, баланын фамилиясын/атын/атасынын атын өзгөртүүгө;
2) мурдагы ИЖН менен “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө тууралуу мурда катталган арыз бар болсо, баланын идентификациялык жеке номерин (ИЖН) өзгөртүүгө (асыроого, туулган күнүн өзгөртүүгө, ИЖНдеги каталарды оңдоого байланыштуу);
3) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мурда “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектелсе жана чегерилсе жана ал төлөнсө “ЖААК” АМСте баланын туулгандыгы тууралуу жазуу актысын өчүрүүгө.
19. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө/чектөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм тарабынан документтерди текшергенден кийин “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө жөнүндө арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде кабыл алынат.
20. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөө/баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз берүүчүгө төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынган чечим жөнүндө билдирет:
1) электрондук түрдө арыз бергенде “Түндүк” ВЭӨС аркылуу;
2) смс-билдирүүлөр же жоопту арыз ээсинин электрондук почтасына жөнөтүү (кагаз түрүндө арыз берген учурда арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн маалымдоо ыкмасынын тандалышына жараша).
21. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун чектөөгө арыз берүүчүлөр чечим менен макул болбогон учурда сот тартибинде даттанууга укуктуу.
22. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып балдар 3 жашка чыкканга чейин чектелет.
23. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүнөн өзүнчө протокол менен таризделет.
24. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзүлгөн банкта ачылган алуучунун эсебине каражаттарды чегерүү жолу менен накталай эмес формада жүргүзүлөт.
25. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун өлчөмүн кайра эсептөө жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен аныкталган учурда жүргүзүлөт.
26. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун жаңы өлчөмдө чектөө эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен башка дата аныкталбаса, өзгөрүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
27. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөө төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) алуучу Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
2) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектелген бала (балдар) 3 жашка чыкканга чейин каза болгондо (өлгөндө);
3) бала толук мамлекеттик камсыздоого аныкталганда;
4) жөлөкпулду негизсиз чектөө фактысы белгиленгенде;
5) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандар (үй-бүлөлөр) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашпаган калктуу конуштарга көчүп кеткенде;
6) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алган бала (балдар) 3 жашка толгондо.
4-глава. Мониторинг жана жоопкерчилик
28. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн жетекчиси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун чектелишине жана төлөнүшүнө арыздардын талаптагыдай каралышына мониторинг жүргүзөт жана контролдойт.
29. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура эмес чектөөгө алып келген анык эмес маалыматтарды берген адамдар, ошондой эле “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура эмес чектөөгө жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө же кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
30. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулар:
1) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөөнү токтотууга алып келүүчү жагдайлар келип чыкканда бул жөнүндө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аймактык органга 5 күндүн ичинде маалымдоого тийиш;
2) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул чектелгенден жана төлөнгөндөн кийин аныкталган анык эмес документтердин негизинде төлөм алынган учурда алынган каражаттарды ыктыярдуу түрдө эсепти жүргүзгөн социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүм менен макулдашылган мөөнөттүн ичинде кайтарып берүүгө милдеттүү, ал эми баш тарткан учурда мамлекеттик каражаттар сот тартибинде өндүрүлөт.