ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 25-январы №111/21-5
Токмок шаарынын 2022-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө берилген материалдарын карап чыгып, шаардык кеӊеш жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү бекитилген планы боюнча алынган расмий трансферттерди жана ошондой эле салыктык администрациялоого жаткан ишканалардын кирешелери (“Интергласс” ЖЧК) жана атайын каражаттарды эсепке алганда 2022-жылдын 12 айында 105,8% аткарылган,(такталган план 342 066,7 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 362 009,4 миӊ сом) же 19 942,7 миӊ сом ашыкча түшкөнүн белгилейт, анын ичинде:
- бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу 107,2% ды түзүп (такталган план 319 933,1 миӊ сом, иш жүзүндө 342 968,2 миӊ сом) же пландан ашыкча 23 035,1 миӊ сом түшкөн.
- атайын каражаттар боюнча 86% (такталган план 22133,6 миӊ сом, иш жүзүндө 19041,2 миӊ сом) же 3092,4 миң сомго аткарылбай калган.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү салык кызматы тарабынан чогултулуучу кирешелер 2022-жылдын ичинде 104,9% аткарылды (такталган план 231078,8 миң сом, иш жүзүндө 242369,5 миң сом) же пландан ашыкча 11290,7 миң сом түшкөн. Өткөн 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда (186347 миң сом) былтыркыга салыштырмалуу 56022,5 миң сомго көп түшкөн, өсүү темпинин көрсөткүчү 2021-жылдын мезгилине карата 130,1% түзөт.
Жалпы пландуу көрсөткүчтөрү (“Интергласс” ЖЧКны эске алуу менен) төмөнкүдөй салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча аткарылган жок:
-милдеттүү патенттин негизиндеги салык 80,2 миң сомго;
-ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 11740,7 миң сомго;
- 2-топтогу ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 610,4 миң сомго;
- 3-топтогу ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 33,7 миң сомго;
-юридикалык жактардын транспорттук каражаттарынан салык – 641,8 миң сомго;
- короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы – 526,4 миң сомго;
Автоунаа токтотуу үчүн жыйым – 30,0 миң сомго;
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатып алуу – 158,6 миң сомго;
2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттен расмий трансферттер 53302,3 миң. сом алынды, анын ичинде:
- «Токмок Жылуулук» МИсына субсидия боюнча карызын төлөөгө - 39 000,0 миң сом;
- Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга - 1196,8 миң сом.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алганда 95,4% га аткарылды, такталган планда 376 328,7 миң. сом иш жүзүндө 359 056,0 миң. сом сарпталган, анын ичинен:
-атайын каражаттар 85,8% га аткарылды же такталган планда 22 730,0 миң сом иш жүзүндө 19 495,8 миң. сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 89,4%га өздөштүрүлдү же такталган план 353 598,7 миң сом менен иш жүзүндө 339 560,2 миң сом сарпталган.
Бюджеттик каражаттар багытталган:
-чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, стипендиялар жана калкка социалдык жардам үчүн жөлөк пулдар) – 68 565,2 миң сом же чыгымдардын жалпы суммасы 20,2%.
- коммуналдык кызматтарга каржылоо (суу акысы, электр кубаты, жылуулук акысы, жана байланыш кызмат) жана көмүр алууга - 44 815,9 миң сом же жалпы чыгымдар 13,2% түздү;
- чыгашалардын башка беренелери боюнча – 226 179,1 миң сом же 66,6% (анын ичинде өнүктүрүүгө – 91 223,1 миң сом (26,9%) жана "Токмок жылуулук" МИнин субсидиялары боюнча карызды жабууга – 40 142,6 миң сом республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансферттер).
2023-жылдын 15-январына карата абал боюнча шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы 8 177,5 миң. сомду түздү анын ичинде “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренеси боюнча – 8 049,2 миң сом, “Байланыш кызматы” 2212 беренеси боюнча – 22,5 миң сом, “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренеси боюнча-105,8 миң сом.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары 362 009,4 миң сом суммасында киреше бөлүгүндө, анын ичинен бюджеттик каражаттар – 342 066,7 миң сом, атайын каражаттар – 19 942,7 миң сом 1- тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2022-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын төлөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Токмок ш. боюнча МСКБнын башчысы тарабынан (Кадыркулов Р.Б..):
- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча ай сайын пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын;
- салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыкты кыскартуу үчүн иш күчөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |