Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-декабры № 127

 

Кызыл-Кыя шаарынын башкы планын даярдоо жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-декабрындагы №44 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 1-орун басары  Ж.Курбановдун 2023-жылдын 28-ноябрындагы № 01-8/2183 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 1. Кызыл–Кыя шаарынын башкы планын даярдоо боюнча иштердин жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин:

-        шаардын башкы планын даярдоо боюнча жеңүүчү деп табылган ишкана менен активдүү иштерди жүргүзүү;

-        башкы планды даярдоо үчүн бөлүнгөн акчаларды максаттуу пайдалануу жана өз убагында которулуусун көзөмөлдөө;

-        башкы ген пландын даярдалышын контролдоо аны аягына чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүү;

-        Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аркылуу Кызыл–Кыя шаарынын башкы планын даярдоого зарыл болгон акча каражатын республикалык бюджеттен бөлдүрүү жагын колго алуу.

3. Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы, шаардын башкы архитектору Максытали уулу Бекболотко милдеттендирилсин:

-        шаардын башкы планын сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу максатында, иштеп чыгылып жаткан долбоорго шаардын бүгүнкү күндөгү жана келечекте өсүүсүн эске алуу менен тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шаардык кеңештин макулдугу менен киргизүү жагы;

 

 

 

-        шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында   шаардагы мыйзамсыз курулуштарды жана кызыл линияга чыгып кеткен объектерди аныктоо, курулушу бүтпөгөн, ташталган жана кароосуз калган имараттарды, жерлерди инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ж. Калматов