Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-декабры № 128

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Жобосун бекитүү жөнүндө

 

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, мэрдин биринчи орун басары Ж. Курбановдун  2023-жылдын 25-декабрындагы №01-8/2469 кайрылуу катын жана шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2023-жылдын 25-декабрындагы №30 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

  1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Жобосу бекитилсин    (тиркеме 1).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

              Төрага

 

Ж. Калматов

 

           

                                                                                              

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин   (VII чакырылышы)

2023-жылдын  19-декабрындагы  кезектеги 

33-сессиясынын №33/128 токтомуна

тиркеме-1

 

                                                                      

                       

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жөнүндө

ЖОБО

 

                             I.                Жалпы жобо

                           II.                Негизги максаты жана иш чарасы

                          III.                Укуктары жана милдеттери

                         IV.                Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын реорганизациялоо жана ликвидациялоо.

 

I. Жалпы жобо

1.1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылат. Шаардын аймагында чарбалык жана экономикалык жактан башкаруу үчүн, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы катары мэрия түзүлөт. Кыргыз тилинде аталышы: Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы мекемеси. Орус тилинде аталышы: Учреждение мэрии города Кызыл-Кыя. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын юридикалык дареги: 720300, Кызыл-Кыя шаары, А. Масалиев көчөсү №60

1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэр мэриянын аппарат кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Башкаруу органынын жооптуу кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун административдик муниципалдык кызматкери болуп саналат. Шаардын мэриясынын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кирет.

1.3.Мэриянын аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген штаттык ырааттамагы ылайык, бөлүмдөрдөн жана секторлордон турган башкаруу органы болуп саналат.

1.4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Жобосу аппараттын ишмердигинин укуктук негизин түзөт.

1.5. Мэрдин ишмердигин уюштуруу укуктук, маалыматтык-аналитикалык жана башка жактан камсыздоо - аппараттын негизги максаттары болуп саналат.

1.6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, КР Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын актыларын кынтыксыз аткарылуусун мамлекеттик жана коомдук тартипти аппарат камсыз кылат.

1.7. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы коллегиянын курамы мэр тарабынан бекитилет, коллегиянын төрагасы мэр болуп саналат жана коллегиянын ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Коллегиянын отурумунда каралуучу маселелер мэрдин буйругу менен бекитилет жана маселе коюлган айларда же кварталда отурум өткөрүлүп каралып, чечим кабыл алынат. Коллегиянын отуруму мэр тарабынан бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.

1.8. Аппарат Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы коллегиянын отурумдарын, структуралык бөлүм башчылары менен өткөрүлүүчү кеңешмелердин, мэриянын алдындагы туруктуу комиссияларынын отурумдарын, башкаруу документтеринин долбоорлорун даярдоону уюштурат, кабыл алынган токтомдордун жана буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөйт, перспективалык жана башка пландарды иштеп чыгууну, мэриянын документациялык ишмердигин камсыздап, мекеме-уюмдарга методикалык жардам көрсөтөт.

1.9. Аппарат өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: мекемелерден жана кызмат ээлеринен ишке керектүү түрдүү маалыматтарды, анын ичинде кабыл алынган тартипте жашыруун кагаздарды талап кылууга; аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн структуралык бөлүмдөрдүн катышуусу менен мэриянын жетекчилиги менен макулдашып, тиешелүү текшерүүлөрдү өткөрүүгө; -шаарда жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары жана башка мекемелер, уюмдар жана шаар тургундары үчүн мэрдин катышуусу менен жана анын тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө.

1.10. Мэриянын аппаратынын иш жүргүзүү маселелери мэриянын аппарат жетекчисине жүктөлгөн.

1.11. Аппараттын түзүлүшү жана штаттык структурасы мэр тарабынан аныкталат, аппаратты жана шаардын башкаруу органдарын камсыздоо шаардын бюджетинен жүргүзүлөт. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы мэр болуп саналат. Мэрдин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20 - октябрындагы №123 мыйзамы менен аныкталат.

1.12. Мэрдин аткаруу функциялары, токтомдор жана буйруктарды даярдоонун тартиби мэриянын иштөө регламенти менен аныкталат.

1.13. Мэр өзүнүн аткаруу функцияларын ишке ашыруу максатында аткаруу бийлигинин аймактык жана структуралык бөлүмдөрүн түзөт жана алардын курамын, жоболорун бекитет.

1.14. Мэр өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат, алар шаардын аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдери, атуулдар жана шаардын ичиндеги бардык чарба жүргүзүүчү объектилер тарабынан аткарылуучу токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.

1.15. Мэриянын жетекчилигин төмөнкүлөр түзөт:

Мэр; биринчи орун басары;

орун басары;

аппарат жетекчи.

Шаардын мэрин Президент дайындайт жана бошотот.

Шаардын мэринин биринчи орун басары, орун басары, аппараттын жетекчиси муниципалдык резервте турган адамдардын ичинен дайындалат.

Шаардын мэринин биринчи орун басарын, орун басарын, аппараттын жетекчисин мэр дайындайт жана бошотот.

Шаардын мэринин биринчи орун басары мэр жок учурда аны алмаштырат жана шаардын мэри жүктөгөн милдеттерди аткарат.

Шаардын мэринин орун басары жана аппарат жетекчиси шаардын мэринин алдында алар аткара турган функциялар үчүн жооп берет.

 

II. Негизги максаты жана иш чарасы

 

2.1 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуучу тутумдардын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, шаардыктарга социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат.

2.2 Шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана шаардык Кеңеште бекитилгенден кийин аны аткарат.

2.3 Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык Кеңеште бекитилгенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат.

2.4  Шаардын өнүгүшү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат.

2.5 Тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча ишчараларды жүзөгө ашырат.

2.6 Шаар жерлерин жана муниципалдык менчик объектилерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана алар шаардык Кеңеште бекитилгенден кийин аларды жүзөгө ашырат.

2.7 Ишканаларды менчиктештирүүгө жана тийиштүү орган менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттардагы объектилерди, ошондой эле алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды баланска алууга катышат, турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

2.8 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаар курулушунун башкы планын иштеп чыгат жана турмушка ашырат, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-иштиктүү иш чараларды жүзөгө ашырат.

2.9 Жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

2.10 Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке   

   өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат.

2.11Ветеринардык-санитардык жана карантиндик – чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт.

2.12 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө   

    ашырат.

III. Укуктары жана милдеттери

 

3.1 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы шаардын жашоо-турмушун камсыз кылуу боюнча муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, бул иштин натыйжасы үчүн жооп берет.

3.2 Ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

3.3    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардын мэринин орун басарларын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

3.4  Жергиликтүү маанидеги масалелерди, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну жүзөгө ашырат, буга жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер кирбейт.

3.5    Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ойдогудай аткарууну уюштуруу үчүн түздөн-түз жооп берет.

3.6   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, өкмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдарында жана чет өлкөлөрдө шаардын атынан иш алып барат.

3.7  Кызматка киришкенден үч айдан кечиктирбестен шаардын социалдыкэкономикалык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана аны бекитүү үчүн шаардык кеңешке сунуш кылат.

3.8   Шаардык Кеңешке шаардын бюджеттин долбоорун сунуш кылат, шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкары фонддун каражаттарын пайдалануу, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык Кеңештин алдында жылына эки жолудан кем эмес отчет берет.

3.9  Мыйзамга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуш киргизет.

3.10  Шаардык Кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат.

3.11 Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Президентке белгиленген тартипте өтүнүч кылат.

3.12 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым   

        укуктарды жүзөгө ашырат.

3.13 Чарбалык ишканаларды түзөт жана жоет жана алардын штаттык бирдиктерин бекитет.

3.14 Мамлекеттик жерлер менен башкаруу укугуна ээ.

 

IV. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясын реорганизациялоо жана ликвидациялоо (кайра уюштуруу жана жоюу).

 

4.1   Кызыл-Кыя шаарынын мэриясын реорганизациялоодо (кайра уюштурууда) укуктары жана милдеттери укук алуучуга өткөрүлөт.

4.2  Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жоюлат.

4.3 Кызыл-Кыя шаарынын мэриясын реорганизациялоодо жана ликвидациялоодо кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен каралат.

 

Башкы адис

 

 Г. Имарова