Редакцияот 12.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

  Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясынын

 

2025-жылдын  12-май №25

 

«Саймалуу - Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын 12 - май

2025 - жылдагы № 01 - 4-15/219 чыгыш сандуу катын кароо »

 

         “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин ( I чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясы

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш парктын аймагындагы, туристтик рекрациялык зонага эс алууга барган жарандарды тейлөө жана жакшы шарт түзүүдө, ижара акысына тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

-          этно тапчанга бир күнгө - 500 (беш жүз) сом,

-          чет элдик жарандарга бир күнгө кирүү акысы - 350 (үч жүз элүү) сом,

-          кыргыз боз үйгө бир күнгө - 3000 (үч миң) сом.

2.    Бул токтомду аткаруу жагы “Саймалуу - Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын директору А.Т.Камбаралиевге тапшырылсын.

3.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб - сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.

 

 

 

Каргалык айылдык  кеңешинин  төрагасы  

 Т.И.Токтоболотов