Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-августу № 524
2025-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу үчүн республикалык чакыруу комиссиясын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарын тандап текшерүү үчүн Республикалык чакыруу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтүүнүн алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы топтоо пункттарын врач-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
2) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2025-жылдын сентябрь-ноябрында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга укугу жок, ошондой эле чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жынысындагы жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-августундагы № 65 (3721) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Шайкидинов Жылдызбек Карагулович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу жана аскердик каттоо башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы; |
Далиев Уланбек Эшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Болоталиева Аида Болоталиевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Джабаров Нематжан Ганиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү; |
Акылбеков Нурланбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу жана аскердик каттоо башкармалыгынын офицери; |
Урманбетов Уланбек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу жана аскердик каттоо башкармалыгынын офицери; |
Алымбаев Мырзабек Муканбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу жана аскердик каттоо башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев Азамат Автандилович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу жана аскердик каттоо башкармалыгынын офицери; |
Таранчиев Кенешбек Жеенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу жана аскердик каттоо башкармалыгынын офицери; |
Кылычбеков Залкар Кылычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаарындагы республикалык топтоо пунктунун башчысы; |
Жээнбеков Накен Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы топтоо пунктунун башчысы; |
Мамадиев Тургунбай Абсаттарович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы топтоо пунктунун башчысы; |
Эмилбек уулу Нурлан | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунун башчысы; |
Муратов Абдумалик Эргешович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бейтапканасынын врач-невропотологу; |
Матазов Бакыт Абдылдаевич | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын врач-урологу; |
Кочкоров Максад Кочкорович | - | Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-хирургу; |
Саламов Сабыр Саламович | - | Кадамжай шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун врач-урологу; |
Ташмамбетова Гульмира Болотбековна | - | Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти; |
Жумабекова Индира Масалбековна | - | Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти. |
Резерв: | ||
Жандармов Руслан Анатольевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаарындагы республикалык топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Садиев Арслан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Баатыр уулу Алманбет | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Жолотоев Мырза Аскаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы топтоо пунктунун башчысынын орун басары; |
Ормонов Мыйзам Уруксатбекович | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын врач-хирургу; |
Алымбаев Арстан Чырмашевич | - | Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары; |
Исмаилов Нуридин Эркинжанович | - | Кадамжай шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун врач-урологу; |
Сарманова Чинархан Абдыкадыровна | - | Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры; |
Сартпаева Эльмира | - | Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти. |