Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-февралы № 30-2
Төрт-Гүл айыл аймагынын калктуу конуштардынташтандыларын чыгаруу үчүн жыйым
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-беренесине ылайык, бюджет, финансы, муниципалдык менчик боюнча Архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 26.02.2025-жылдагы корутундусуна ылайык жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Н.А. Султаналиевдин Төрт-Гүл айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө маалыматын талкуулоо.
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1.Юридикалык жактардан, жеке ишкерлерден, ишкердик иш жүргүзүүгө арналган имараттардын менчик ээлеринен таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөм мөөнөтү жана эсептөөлөрдү берүү мөөнөтү 1-апрелге чейин -100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |