Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-марты № 31-1
Төрт-Гүл айыл аймагынын Петровка айылынын ички жолдорун оңдоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагынын Петровка айылынын ички жолдорун оңдоо боюнча жана көчмө комиссиянын 20.03.2025-жылдагы №1 протоколунун негизинде Петровка айылынын оңдоону талап кылган ички жолдорун (грейдерлөө, шагыл төгүү жана ныктоо) аныкталган. Ошондой эле Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсулдаевдин маалыматты угуп жана талкуулап.
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А., Байсулдаев төмөнкү көчөлөрдүн жолдорун оңдоон үчүн сметасын түзүү боюнча иштерди алып барсын;
- Совет көчөсү, узундугу 2040 метр аралыкта – грейдерлөө, шагылдарды ныктоо иштери (Луговой көчөсүнүн кесилишинен аягына чейин).
- Заводская көчөсү, узундугу 4600 метр – атайын техника менен пландаштырылган (Ак-Суу көчөсүнүн аягынан бурулушуна чейин)
- Южная көчөсү, узундугу 730 метр (Фрунзе көчөсүнөн Калинин
көчөсүнө чейин) – грейдерлөө, шагыл төгүү ныктоо иштери .
- Калинин көчөсү, узундугу 830 метр ( Борбордук көчөгө чейин) – шагыл төгүү ныктоо иштери ,
-Степная көчөсү, узундугу 1330 метр – грейдерлөө, шагыл төгүү ныктоо иштери.
- Новый проспекти, узундугу 280 метр – шагыл төгүү ныктоо иштери.
- Озерная көчөсү, Шевченко,көчөсүндө жалпы узундугу 6000 метр аралыкта – грейдерлөө иштери .
- Водоемная көчөсү, узундугу 170 метр – грейдерлөө, шагыл ныктоо иштери.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин орун басары Коешев Кудайберди Бектургановичке жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |