Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №27
«Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиялык планын бекитүү жөнүндө»
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин Кетмен-Дөбө айыл аймагы боюнча 2025- 2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиялык планын (СЭӨП) угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пункутуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга карата түзулгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиялык планы(СЭӨП) тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме 41-баракта)
2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына зарылчылыгына жараша өзгөртүүлөрдү,толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планында камтылган иш-чараларды, ишке ашыруу боюнча аракеттерди көрүү Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдында түзүлгөн баардык комитеттердин багытына жараша тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |