Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

 

2023-жылдын 31-июлу № 3/4

 

Байзак айыл аймагындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин артындагы эскилиги жеткен котелный менен спорт залды бузууга макулдук берүү жөнүндө

 

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин Байзак айыл аймагындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин артындагы эски котельный менен спорт залдын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу бузууга токтом чыгарып макулдук берүүңөрдү сурайм деген сунушун карап, талкуулап Байзак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл аймагындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин артындагы котельный менен спорт залдын эскилиги жетип, жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу эски котельный менен спорт залды бузууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн, каттоодон өткөрүү жагы Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнү башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов