Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №28
«Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылга социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө»
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы жалпы социалдык жардам сурап кайрылган жарандар аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу жана ар кандай социалдык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө туруктуу комитеттин 2025-жылдын 31-январдагы №2 протоколдук чечимин ,жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 03-февральдагы №01-18-27/190 кайрылуудагы сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-29 беренелеринин 8-16-18-19-22-23 пунктарына таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Т.Багымбаевдин 2025-жылга сунуш кылган социалдык программасы бекитилсин(тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген социалдык программанын алкагында иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттин төрайымы Д.Тургунбаевага тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |
|
БЕКИТИЛДИ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 04-февралындагы кезектеги III сессиясынын № 28-токтомуна тиркеме
|
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы социалдык жактан коргоо программасы
№ | Аталышы | Суммасы | Мөөнөтү |
|
1 | 1-группадагы майыптыгы барларга | 5000 | Жылына бир жолу |
|
2 | 2-группадагы майыптыгы барларга | 3000 | Жылына бир жолу |
|
3 | 3-группадагы майыптыгы барларга | 2000 | Жылына бир жолу |
|
4 | 18-жашка чейинки жалпы майыптарга | 3000 | Жылына бир жолу |
|
5 | Турмуш шарты оор аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө | 3000 | Жылына бир жолу |
|
6 | Гемодиализ алган жарандарга жана онкологиялык оорусу бар жарандарга | 5000 | Жылына бир жолу |
|
7 | Чет мамлекетке ден соолугу боюнча кеткен жарандарга | 10 000 | Жылына бир жолу |
|
8 | Жалпы иш чараларга | Зарылчылыгына жараша | Жылына бир жолу |
|
9 | Жогорку органдардан келген тапшырмаларга | Зарылчылыгына жараша | Жылына бир жолу |
|
Айыл өкмөтүнүн соц адиси |
А.Аманбекова |