БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-сентябрындагы № 62/XXII-28
Жайыт жерлерин колдонууда налог өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Бирдик айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы О.Байдолотовдун “Жайыт жерлерин колдонууда налог өлчөмүн бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп талкуулап, жайыт комитетинин 05.05.2023-жылдагы протоколунун негизинде Бирдик айылдык кенешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Бирдик айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы О.Байдолотовдун “Жайыт жерлерин колдонууда налог өлчөмүн бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт жерлерин колдонууда налог өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин;
-бодо мал, жылкыларга 1-башка 100 сомдон;
-кой,эчкилерге 1-башка 20 сомдон.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирдик айылдык кенештин төрагасы | Ч.Д.Миншанло |