Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-марты № 34-4
Төрт-Гүл айыл аймагындагы Предтеченка айылында
ичүүчү сууну пайдалануунун тарифин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде жана Предтеченка айылынын 03.04.2025-жылдагы чогулушунун №5 протоколунун негизинде;
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1.Предтеченка айылынын калкынын ичүүчү сууну пайдалануу тарифи үчүн бир кожолуктан айына 150 (жүз элү) сомдон бекитилсин.
2. Бир короодон таштандыларды чыгаруу үчүн тарифти 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |