Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

 

2023-жылдын 31-июлу № 3/5

 

Байзак айыл аймагынын Баш-Кууганды айылындагы көчөгө Алышүкүров Чөдөндүн атын берүү жөнүндө

 

Байзак айыл аймагынын Баш-Кууганды айылындагы сайдын жээгиндеги жаңы түшүп жаткан көчөгө Баш-Кууганды айылынын тургуну эмгектин ардагери Алышүкүров Чөдөндүн ысымын берүүңүздөрдү өтүнөбүз деген Баш-Кууганды айылынын тургундарынын кайрылуусун карап “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Байзак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Байзак айыл аймагынын Баш-Кууганды айылындагы сайдын жээгиндеги жаңы түшүп жаткан көчөгө эмгектин ардагери Алышүкүров Чөдөндүн ысымы коюлсун

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Баш-Кууганды айылынын айыл  башчысы Кожомкулов Максатбеке милдеттендирилсин

3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек  Жумагуловичке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов