Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №30
«Кетмен-Дөбө айыл аймагынын аймактык милиция бөлүмчөсүнө планшет алып берүү жана аймакка видео көзөмөл орнотуу жөнүндө»
Айыл аймактын коопсуздугу үчүн кылмыштардын, укук бузуулардын, мал уурулуктун алдын-алуу максатында, бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 17-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөт башчысы жана бюджет комитетинин сунушу, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 16.01.2025 чыгыш №01-17/207, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн 09.01.2025-жылдагы чыгыш №33-1/69, Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн 03.02.2025-жылдагы чыгыш №33-1/463 сандуу каттары эске алынсын.
2. Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап , Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине айыл аймактын коопсуздугу үчүн планшет, видео көзөмөл орнотууга каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Т.Т. Бобушовго тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |