Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

 

2023-жылдын 31-июлу № 3/6

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 6 айынын аткарылышы жана бириктирилген бюджетти бекитүү жөнүндө

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 6 айда аткарылышы жана бириктирилген бюджетти бекитүү жөнүндө социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Байзак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Байзак жана Баш-Кууганды айыл өкмөттөрүнүн бюджеттери бириктирилип 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 45352,7 миң сом, анын ичинен тендештирме грант 8794,0 миң сом, атайын каражат 1771,4 миң сом болуп бекитилсин.

2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 6 айынын киреше бөлүгү 28112,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 14925,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 6 айынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы  Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

  

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов