БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябрындагы № 66/XXIII-28
Бирдик айыл аймагынын өкүлчүлуктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215 Жарлыгын аткаруу максатында,Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечимине ылайык,Бирдик айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча иштерди уюштуруу маселесин карап жана талкуулап,Бирдик айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдик айыл ай магынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10-00 чакырылсын.
2. калктын санына ылайык -40 өкүлдөн турары белгиленсин.
3. Айыл аймакты бөлүктөргө бөлүү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлуктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо 2023-жылдын 16-октябрынан 26-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (2-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин.
5. Жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кенештин депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Бирдик айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 адамдан бекитилсин№4-тиркеме).
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Бирдик айылдык кенештин төрагасы | Ч.Д.Миншанло |