Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №31
«Токтогул салык кызматынын каты боюнча турак үйлөргө салыктын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы турак жайларга салыктын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөт башчысы жана бюджет комитетинин сунушу, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 16.01.2025 чыгыш №01-17/207, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн 09.01.2025-жылдагы чыгыш №33-1/69, Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн 03.02.2025-жылдагы чыгыш №33-1/463 сандуу каттары эске алынсын.
2. Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап , Терек-Суу аймактык милиция бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине айыл аймактын коопсуздугу үчүн планшет, видео көзөмөл орнотууга каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Т.Т. Бобушовго тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |
|
Бекитилди Кетмен-Дөбө айылдык кеңештин IX чакырылышынын III сессиясынын 4-февраль 2025-жыл № 31 токтомуна Тиркеме
|
Кетмен-Дөбө айыл аймагында турак жайларга салыктын базалык ставкасы
Дубалдын материалдары | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык салык наркы,сом | |
Кирпич,жыгач,монолит бетон же жыйнама жана темир бетон блоктору, пескоблок, пеноблок, пенобетон, стекло, сендвич | 5 жылга чейин | 7 | |
5-15 жылга чейин | 6 | ||
15-30 жылга чейин | 5 | ||
30-45 жылга чейин | 5 | ||
45 жылдан жогору | 4 | ||
Чийки топурак (саман,колек,сокмо) шлакоблок, полистирол курулуш блок | 5 жылга чейин | 4 | |
5-15 жылга чейин | 4 | ||
15-30 жылга чейин | 3 | ||
30-45 жылга чейин | 3 | ||
45 жылдан жогору | 2 | ||
Металл | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө тиешесиз | 4 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлардагы материалдар | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө тиешесиз | 3 | |
Орточо базалык салыктын наркы | 4,16 | ||
Салык кызматкери |
А.Сульпиева
|