Редакцияот 30.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-августу № 4/2

 

Баш-Кууганды айылындагы тигилген паркка ат берүү жөнүндө

 

Баш-Кууганды айылындагы тигилген парктын аталышын, Самүдүн-Ата эс алуучу паркы деп мыйзам чегинде чечип берүү боюнча Байзак айыл өкмөтүнүн 28.08.2023-жылдагы №2-01-30 сунуш катын карап талкулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин чогулушунун 30.08.2023-жылдагы №4 протоколунун негизинде Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Кууганды айылындагы тигилген паркка Самүдүн-Ата эс алуучу паркы деген ат берилсин

2. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кууганды айылынын айыл башчысы Кожомкулов Максатка милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов