Редакцияот 09.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

 

2023-жылдын 9-октябры № 5/1

 

Байзак айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгы менен аныкталган 2023жылдын 15-декабрында өтүүчү экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык Кеӊештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Байзак айылдык Кенешинин 5-кезексиз сессиясы, токтом кылат:

1. Байзак айыл аймагы боюнча жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 адамдан түзүлсүн;

2. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Байзак айылаймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;

3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;

4. Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депуттаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;

5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 15 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;

6. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов