Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №32
«Кетмен-Дөбө айыл аймагынын зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө»
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комитетинин, айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевдин, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Э.Нусуповдун баяндамасын жана сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-48 беренелеринин 2-3пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын зоналдык коэффициенти 1.5 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду 2026-жылдын 1-январынан баштап, аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Т. Бобушевге тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |