Редакцияот 09.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

 

2023-жылдын 9-октябры № 5/3

 

Айыл чарба багытындагы жер салыгы үчүн Республикалык бюджеттен каржылана турган акча каражатты чыгымдоо жөнүндө

 

Республикалык бюджеттен, Айыл чарба багытындагы жер салыгынын мараторийинин негизинде 2023-жыл үчүн каржылануучу 404700 сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Байзак айылдык Кеңеши, токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттен, Айыл чарба багытындагы жер салыгынын мараторийинин негизинде 2023-жыл үчүн каржылануучу 404700 сом акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүнсүн.

·         150000 сом – Байзак айыл аймагындагы таза суу булагынын айланасын тосууга,

·         85900 сом – Музыкалык мектептин от казанын алмаштыруу жана жылуулук берүү трассасын кеңейтүүгө,

·         168800 сом – Мурдагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жетпеген суммага кошумча көмүр отуну үчүн төлөмгө,

3. Бул каражатты каралган багыттарга жараша чыгаша бөлүгүнүн сметасын түзүп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына тапшыруу жана каражатты максатуу пайдалануу Байзак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы

 

 

А.К. Ажыгулов