Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-мартындагы №25
«2025-жылга Токтогул шаарынын аймагындагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын, киреше-чыгаша бөлүгүнүн сметасын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын 03.03.2025-жылдагы № 01-18/51 кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.03.2025-жылдагы жыйналышында каралып, чечими сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана жайыт боюнча адис М.Турдалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Токтогул шаарынын аймагындагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча “Ыңгайлуу шарт” МИ планы 1-тиркемеге, киреше-чыгаша бөлүгүнүн сметасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдаланууда ага тиешелүү ченемдик укуктук актылардын (мыйзам, типтүү жобо ж.б) талаптары так сактоого алынсын.
3. Бекитилген пландагы иштерди аткаруу “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жетекчисине (М.Абдылдаев), жайыт боюнча адиске (М.Турдалиев) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (Ч.Иманбаев, Н.Нурканов) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага |
С.Т.Кылданов |