Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-мартындагы №26
«Токтогул шаарынын аймагындагы жайыт жерлерди ижарага берүү акыларын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын 08.01.2025-жылдагы № 01-18/01 кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.03.2025-жылдагы жыйналышында каралып, чечими сессияга сунушталган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кенешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Ага ылайык, төмөндөгү ижара акылары бекитилсин:
- бал челек коюу үчүн 0,01 га жерге - 150 (жүз элүү) сом;
- туризм багытындагы 0,01 га жерге- 250 (эки жүз элүү) сом;
- чөп чабынды 0,01 га жерге-50 (элүү) сом;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Нурканов) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, мурдагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 26.12.2023-жылдагы кезексиз XXX сессиясынын № 87 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага |
С.Т.Кылданов |