Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-мартындагы №27
«Токтогул шаарынын аймагындагы жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдарды жана башка эрежелерди бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын 03.03.2025-жылдагы № 01-18/51 сунуш каты Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 10.03.2025-жылдагы жыйналышында каралып, чечими сессияга сунушталган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кенешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдардын өлчөмү жайлоого чыгарылган 1 баш кой, эчкиге 30 (отуз) сом, 1 баш жылкыга, 1 баш уйга 150 (жүз элүү сом) сом болуп бекитилсин, жыйымдар жайыт пайдаланган малчы тарабынан төлөнсүн.
3. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50% кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелине чейин, ал эми калган бөлүгү 1-ноябрына чейин төлөнсүн. Кечиктирилген учурда, тиешелүү мыйзам актыларынын негизинде, ар бир күн үчүн туум кошулуп төлөнө тургандыгы жыйым төлөөчүлөргө эскертилсин.
4. Жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнө ылайык, жайытка чыккан бодо малдын саны 100 (жүз) баштан, майда мал жандыктардын саны 1000 (мин) баштан ашпасын.
5. Малчылардын көчүп, конуу иштери үчүн мөөнөт ортоңку жайытка чыгуу 1-апрелден 15-апрелге чейин, төмөнкү жайытка түшүү 15-октябрга чейин белгиленсин.
6. Малчылардын 15-октябрынан эрте келүүсү менен, малдар дыйкандардын айдоо жерлерине, короосуна жана башкаларына зыян келтирсе, КР Укук бузуу Кодексинин талаптарына ылайык, малчыларга айып пул салына тургандыгы эскертилсин.
7. Токтомду аткаруу “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жетекчисине (М.Абдылдаев), жайыт иштери боюнча адиске (М.Турдалиев) милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (Н.Нурканов, Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
9. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
10. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
12. Бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, мурдагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 26.12.2023-жылдагы кезексиз XXX сессиясынын № 85 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага |
С.Т.Кылданов |