Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-мартындагы №28
«Токтогул шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча типтүү Жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгына ылайык, Токтогул шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча типтүү Жобону, административдик аймактык реформадан кийин, кайрадан бекитүү зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманова 28.01.2025-жылдагы № 01-18/161 сунушу менен кайрылган.
07.03.2025-жылы аталган Жобо “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, жыйынтыгы жалпы сессиянын кароосуна сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токтогул шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча типтүү Жобону бекитип берүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтогул шаарында типтүү Жобонун шарттары боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылсын.
3.Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Асанбеков) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 20.05.2022-жылдагы кезектеги II сессиясынын № 05 токтому, мурдагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 26.04.2022-жылдагы кезексиз XIV сессиясынын № 20 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага |
С.Т.Кылданов |
| БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын 11.03.2025-жылдагы кезексиз VIII сессиясынын №28 токтому
|
Тиркеме
Токтогул шаарынын аймагындагы калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө Типтүү жобо
1. Жобонун максаты
1.1. Типтүү жобонун негизги максаты, улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо жана элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, маркумду акыркы caпapгa узатуудагы ырым-жырымдарды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын эске алууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.
1.2. Жобо элдик каада-салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу жана иретке келтирүү, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын көздөп, элдин саламаттыгын, адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык, тийиштүү айыл өкмөтү айыл жергесиндеги комиссия дин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып барат.
1.3.Жобо жарандардын үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларын өткөрүүдө, ар бир жаран өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жана ири акча каражатын чыгымдобоого, үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөөгө, калктын жашоо деңгээлине терс таасирин токтотууга, маркумду акыркы caпapгa узатуудагы жана андан кийинки эскерүү үрп-адаттарындагы ысырапкерчиликке жол бербөөгө багытталат.
1.4. Жобо жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн, салтын эске алуу менен иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
2. Жобону күчүнө киргизүү тартиби
2.1. Токтогул шаарынын жана айыл аймактарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү учун шаардын мэринин буйругу менен төмөндөгү курамда комиссия түзүлөт.
- шаардык мэриянын кызматкерлери;
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
-маданият тармагынын кызматкери;
-ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери;
-ардагерлер кенешинин мүчөсү;
-аялдар жана жаштар кеңештеринин мүчөлөрү;
-аксакалдар сотунун мүчөсү;
-дин уюмунун мүчөсү;
-өкмөттүк эмес уюмдарынын мүчөсү;
-жергиликтүү коомдоштурулган уюмдардын мүчөсү.
2.2. Жобону бекитүү жөнүндөгү жергиликтүү кенештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кенештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын сайттарына жарыяланат.
2.3. Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кенеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Жободогу колдонулган түшүнүктөр
3.1 Жободо төмөндөгү түшүнүктөр колдонулду:
Бешик той - бала төрөлгөндөн кийин, төрөлгөн учурда бешикке салынып, бөлөнөт. Ошол учурда кыздын ата-энеси небересин бешикке салуу максатында бешик жасап, алып барат.
Тушоо кесүү -бала каз-каз туруп, өз алдынча кадам койгон мезгилде жана кадам шилтеп басып калган учурда, чалынып жыгылбай тез басып кетүүсүн тилек кылып, баланын аягын жип менен тушап, жеткинчек балдардан тартып чуркаганга чейин жараган аксакалдардан бери кандайдыр бир аралыктан чуркатып, балага биринчи жетип келген жаран, баланын тушоосун кесип, чалынбай тез басып кет деген тилек менен колунан жетелеп чыгат. Тушоо кескен жаранга белек берилет.
Сүннөт той - эркек бала 5-7 жашка чыккан мезгилде сүннөткө отургузуу, ата-эненин парзы экен. Ошол учурда атайын сүннөт той өткөрүүлөр болуп жатат.
Үйлөнүү үлпөт той жана кыз узатуу той - бала жана кыз балакатка жеткен учурда , өз каалоолору менен үй-бүлөө курууга баш кошуп, турмуш жолуна аттанышат. Ошол учурда, баланы үйлөнтүү, кызды узатуу той берилет.
Маараке той — адам баласы кандайдыр бир белгилүү жашка толгон учурда белгилеп берилүүчү той.
Жаңы үйгө кирүүдө, үй той — адам баласы жашоосунда баш калкалоо учун турак жай салып, аны күндөлүк турмушта жашоо учун пайдаланып келет. Жаңы турак жайга кирген учурда берилүүчү той.
Маркумду акыркы сапарга узатуу , маркумдун уч кунун, кырк кунун, айт күндөрүндө, жылын эскерүү чаралары жана башка эскерүүлөр — маркумду эскерүүгө арналган салттар.
Маркумдун ашын берүү — маркумду эскерүү үчүн кандайдыр бир мезгилден кийинки салт.
4.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү
үрп-адаттарын өткөрүү тартиби
4.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарын сүннөткө отургузуу, үйлөнүү, кыз узатуу той, үй той, куда тосуу, туулган кунун белгилөө, маараке салтанаттары жана башка салтанаттар кирет.
а) үйлөнүү тойлору боюнча
- той кечки саат 18.00ден кечиктирилбестен башталып, түнкү саат 22.00 дө бүтүүгө тийиш;
-тойго чакырылгандардын саны чектелбейт, бирок ысырапкерчиликке жол бербей жана ашыкча чыгымсыз өткөрүү сунушталат;
- жаш жубайлардын жарандык абалын жаздыруу актысына (ЗАГС) чыгууга жана башка иш-чараларына (сейилдөөгө чыгууга) автоунаалардын саны 3 бирдиктен ашпоого тийиш;
-үйлөнүү тоюн алып баруучуга улуттук каада-салттарга туура келбеген маданиятсыз
оюн-зоокторду өткөрүүгө тыюу салынат.
б) кыз узатуу аземи боюнча :
-кыз узатуу тою үйдө өткөрүлөт жана элдин батасы менен күндүзү узатылат;
- үй шартына жараша кафеде өткөрүүнү каалагандар учун кафеде өткөрүү тыюу салынбайт, бирок ашыкча ысырапкерчилик жол берилбей күндүзү саат 18.00 чейин бүткөрүлөт;
- кыз-күйөөгө өкүл ата, өкүл апа белгилөөдө көптөгөн себет жана кийим- кече кылууга, кой союуга чектөө киргизилет;
-кызды турмушка чыгарууга калың жана мүчө алууга, cеп берүүгө чектөө киргизилет жана куда тосууда түштөндүрүү берүүгө тыюу салынат.
в) юбилейлик тойлор боюнча
-атаандашуусуз, ысырапкерчиликсиз аз сандагы конокторду чакыруу менен үйдөн өткөрүү сунушталат;
-кафеде өткөрүүгө тыюу салынбайт, бирок коноктордун саны 200 дан ашпоого
тийиш;
-той кечки саат 18.00дон кечиктирилбестен башталууга жана түнкү саат 22.00до бүтүүгө тийиш.
г) сүннөт той, тушоо той, жээнтек жана башка майда салттуу тойлор:
-тойлорду үйдө чакан туугандар менен өткөрүүнү колдоого алуу;
-кафеде өткөрүү тыюу салынбайт, бирок кундузу саат 18.00 чейин өткөрүлүп бүтүүгө тийиш.
д) салтта жок шаан-шөкөттөрдү өткөрүү боюнча:
- сыйлык, чин, наам, илимий жана кесиптик даража алганын белгилөө, классташ, бир туугандар, жоролор, бажалар, кудалар, келиндер, аялдар отуруштары, мектепти, окуу жайды аяктаганына 5-10-20 жылдык кечелер тар чөйрөдө өткөрүлөт жана ири деңгээлде кафе, тойканаларда өткөрүүгө тыюу салынат.
4.2 Маркумду акыркы caпapгa узатуу жана эскерүү үрп-адаттарына бейшембилик, жетилик, кыркылык, жылдык өткөрүү, аш берүү жана сөөк коюу ырым-жырымдары кирет.
-маркумду акыркы caпapгa узатууга келгендердин саны чектелбейт;
-маркумду акыркы caпapгa узатууда ысырапкерчилик кылууга жол берилбейт; (дастарконго мөмө-жемиш, салат ж.б. ашыкча нерсе коюлбайт)
-маркумду узатууда сөөк чыккан жерде мал жандык союлбайт. Алыстан келген меймандар, куда сөөктөр
үчүн кошунанын же жакын тууганынын үйүндө ашыкча ысырапкерчиликке келтирбей узатылат;
- бейшембилик, жетилик, кыркылык өткөрүлбөйт;
-мүмкүнчүлүккө жараша каалаган учурда маркумга куран окутуу өткөрүүгө болот;
- маркумга карата кошок кошчуларды жалдоого, кыздарынын ак-көк кийүүсүнө, тон жабууга, кийит илүүгө жана жыртыш берүүгө тыюу салынат;
-сөөк коюуда жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө, куюуга, мас абалында келүүгө, жүрүүгө тыюу салынат;
-аза күткөн, кайгыга кабылган, жакыр, жетим-жесир абалдагы үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин уюштуруп, акча каражат жагынан жардамдарды берүү колдоого алынат;
-мүрзөгө эстелик тургузулбайт (арзан материал менен белги коюлсун).
-Аш берүүгө жакын туугандары менен ысырапкерчилик жана ашыкча чыгым келтирбей өткөрүү каралсын. Ал эми аталган иш-чараларды болтурбоо жана аталган иш-чарага каралган каражатты жумшоо максатында, анын ордуна айылга таза cyy чыгарууну, жолду асфальттоону, шагыл төгүүнү жарыктандырууну, жөө жол салууну (тротуар), жетим-жесирлерге жардам берүүнү, мааракенин ээсине сунуш кылынат.
5. Жобону аткаруу боюнча иш-чаралар
5.1.Жобону талабын аткарууну көзөмөл алуучу органдар:
Токтогул шаардын мэринин буйругу менен бекитилген жергиликтүү комиссиянын өкүлдөрү;
· Шаардык аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери;
Токтогул шаарынын жана айылдарынын каада-салт, диний ырым-жырым маселелери боюнча жергиликтүү комиссия жободогу талаптардын аткарылышын жана сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-пландарды иштеп чыгат.
Бекитилген иш-пландарына ылайык жободо белгиленген тартиптерди сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- Түзүлгөн комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттардын өткөрүү боюнча алдынкы тажрыйбаларды жалпылайт жана аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
- Шаардын аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жобонун
аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзөт.
- Конок берүүгө жана багууга, көк бөрү (улак тартыш) оюнун берүүдө ири өлчөмдө байгелерди саюуга (автоунаа, жылкы, ири мүйүздүү мал , кой-эчки, топоз, төө, килем, кымбат баалуу буюмдар) чектөө салынат. Байгесине кымбат эмес жана аз өлчөмдөгү буюм - теримдерди саюу сунушталат.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы учун жоопкерчилик
6.1. Жобонун тартиптери бузулган учурда ар бир жаран шаар жана айыл аймагындагы каада-салт, диний ырым-жырым маселелери боюнча жергиликтүү комиссиянын ар бир мүчөсү комиссиянын төрагасына маалымдайт.
6.2. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттары өткөрүлүп жаткан жерлерге чогуу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, иш-чара өткөрүп жаткан адамга жобонун талаптарын таааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, акт түзүлөт.
Жобонун аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптары бузулган учурда акт түзүлөт, ал тууралуу комиссияда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (а.и. коомдук уяткаруу чарасы) көрөт.
6.3. Шаар жана айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп- адаттарын өткөрүү боюнча типтүү жобонун талабын бузгандыгы учун жарандарга жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жана шаардык жыйындар жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) комиссия тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.
Төрага:
|
С.Т.Кылданов |