Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы
2025-жылдын 27-январындагы №3
2025-2029-жылдарга карата Момбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Момбеков айылдык кеңешинин туруктуу комитеттеринин корутундусун угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2027-жылдарга карата Момбеков айыл аймагынын социалдык- экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Магаматкуловичге тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: Абдыразак уулу И