Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган I сессиясы
2025-жылдын 28-наябрындагы №1
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын Тогуз-Торо айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2.Тогуз-Тороайылдык кеңештин төрагасы болуп Токтожумаев Урмат Акматбекович шайлангандыгы таанылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдүн жоопкерчилигиме калтырамын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы У.Токтожумаев