Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 3-октябры № 853-т
Мамлекеттик аңчылык чарбасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Мерген” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Мерген” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитсин;
– 1-пунктта көрсөтүлгөн мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
– бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескемени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |