БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2023-жылдын 9-октябры № 5/6
Байзак айыл аймагындагы “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасын кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Байзак айыл аймагындагы “Таза-Кайырма” муниципалдык ишкананы кайрадан каттоодон өткөрүүгө макулдук берүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү Б.Женалиевдин сунушун карап, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Байзак айыл аймагындагы “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасы кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |