Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-октябрындагы № 80-8
Жер которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин “Жер участокторун өткөрүп берүү” жөнүндөгү Мыйзамынын 11 жана 13 статьясына ылайык жер участокторун трансформациялоо боюнча Петровка айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерине караштуу мал айдалуучу №101 контурундагы 0,3га,0,16га чарчы жержи суу курулушун курууга жана №182 контурдагы 0,73га чарчы жерде ГЭСтин имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө арызды карап жана талкуулап
Петровка айыл аймагы кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерине караштуу №101 контурундагы 0,3га,0,16га чарчы жерди суу курулушун курууга жана №182 контурдагы 0,73 чарчы жерде ГЭСтин иматарын куруу үчүн айыл чарба жерлеринин категориясынан (мал айдалуучу)-өнөр жай, транспорт, байланыш энергетика, коргонуу жана башка максатта колдонуу жерлерине өткөрүлсүн.
2. Бул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсулдаевге милдеттендирилсин.
Төрөга | Абылдаев У.С. |