БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 6/2
Республикалык бюджеттен бирдиктүү салык тѳлѳмдѳрүнүн жоготуусунун ордун толтурууга келип түшкѳн каражатын айыл ѳкмѳттүн башка чыгымдары үчүн жумшоо жөнүндө
Республикалык бюджеттен бирдиктүү салык тѳлѳмдѳрүнүн жоготуусунун ордун толтурууга келип түшкѳн 12,0 мин сом каражатын айыл ѳкмѳттүн башка чыгымдары үчүн жумшоо боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Республикалык бюджеттен бирдиктүү салык тѳлѳмдѳрүнүн жоготуусунун ордун толтурууга келип түшкѳн 12,0 мин сом каражаты айыл ѳкмѳттүн башка чыгымдары үчүн бѳлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражаты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал райондук башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |