Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 11-мартындагы №30
«Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылынын Бекмырза №1 көчөсүндө жайгашкан мурдагы айыл өкмөттүн имараты жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, «Электр станциялар» ААКнун башкы директору К.А.Өмурбековдун 05.03.2025-жылдагы № 19-11/92 сунушу жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 11.03.2025-жылдагы 01-18/525 сунушу “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.03.2025-жылдагы жыйналышында каралып, чечими сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Ага ылайык, Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылынын Бекмырза №1 дарегинде жайгашкан мурдагы айыл өкмөтүнүн имараты “Электр станциялар” ААКна 10 (он) жыл акысыз пайданууга берилсин, эки тараптуу келишим, өткөрүп берүү, кабыл алуу актысы түзүлсүн.
3. Имарат өткөрүлүп берилгенден кийин, 2 (эки) жыл ичинде “Электр станциялар” ААК өз ишмердүүлүгүн бул аймакта баштабаган учурда, аталган имарат “Электр станциялар” ААК тарабынан мэрияга кайрадан өткөрүлүп бериле турганы жөнүндө келишимге кошумча шарт киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |