БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 6/3
Баш-Кууганды айылындагы мектепке кошумча кѳмүр отунун алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 6.12.2021-жылдагы №547 жарлыгында белгиленген Айыл чарба жерлерин пайдалануучулардын жер салыгынан бошотулгандагы жоготуулардын ордун толтуруу үчүн багытталган трансферт катары жыл ичи түшѳ турган 522,3 мин сом акча каражатынан бөлүнбөй калган 117,6 мин сомду Баш-Кууганды айылындагы мектептин от казаны жаны бүткѳндүктѳн кошумча кѳмүр отунун алууга бѳлүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 6.12.2021-жылдагы №547 жарлыгында белгиленген Айыл чарба жерлерин пайдалануучулардын жер салыгынан бошотулгандагы жоготуулардын ордун толтуруу үчүн багытталган трансферт катары жыл ичи түшѳ турган 522,3 мин сом акча каражатынан бөлүнбөй калган 117,6 мин сом Баш-Кууганды айылындагы мектепке кошумча кѳмүр отунун алууга бѳлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражаты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал райондук башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |