Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-марты № 35-5
Беш-Терек айылынын тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Беш-Терек айылынын айыл башчысы Абдибалиева А.Б., маалыматын угуп, талкуулап. Беш-Терек айылынын тургундары Русланбек уулу К., Хожиева С.И., Джакыпбаева Г.А., Сооронбаева Т.Ж кайрылуусу эске алып, жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-декабрындагы №4-1 токтому менен бекитилген Айылдык Кеңештин Регламентинин 2 – главасына ылайык
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Беш-Терек айылынын Целинная көч. № 7/2, Достук көч. №15/1, Беш-Терек көч. №6/1, жана Беш-Терек көч. № 6/2 дареги боюнча муниципалдык менчиктеги батирлерди сатууга Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтү аукцион өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |