Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 20-мартындагы №32
«Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын бүктөлмө кроваттар менен камсыз кылуу жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 12.10.2021-жылдагы ПЖ 435 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.05.2024-жылдагы № 229-т тескемсине ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 06.03.2025-жылдагы №01-18/486 сунушу, №13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору А.Сатыкееванын 11.03.2025-жылдагы кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.03.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Ага ылайык, төмөндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы кроваттарды сатуудан түшкөн 207,5 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
- «Байчечекей» мектепке чейинки билим берүү уюмунан -32,0 мин сом;
-«Арча Бешик» мектепке чейинки билим берүү уюмунан 175,5 мин сом;
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн 207,5 миң сомго конкурс жарыяланып, жогоруда аталган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өздөрүнө бүктөлмө кроваттар алынып берилсин (Статья 3112).
4. «Балалык» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси А.Сатыкееванын кайрылуу каты канааттандырылсын, төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
- атайын комиссия түзүлсүн;
- эски кроваттарды баалоодо мүлктүн баштапкы баланстык баасы, колдонулгандан кийинки калдык баасы эске алынсын;
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага |
С.Т.Кылданов |