Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 20-мартындагы №33
«Участкалык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди
сунуштоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 30.06.2011-жылдагы № 62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын 06.11.2019-жылдагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына, Борбордук шайлоо комиссиясынын 14.03.2025-жылдагы №02-2-8/245 кайрылуусуна ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 18.03.2025-жылдагы №02-9/1308 катынын негизинде Токтогул шаарындагы жана ага караштуу айылдардагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жамааттардан жана мекеме, ишканалардын эмгек жамаатынан сунушталган талапкерлердин арыздары жана башка документтери депутатттар тарабынан каралып, талкууланды.
Жыйынтыгында, талапкерлер боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарындагы жана ага караштуу айылдардагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине жамаатттардан көрсөтүлгөн талапкерлер ушул токтомдун тиркемесине ылайык сунушталсын.
2. Сунушталган талапкерлердин документтери Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |