БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 6/7
2023-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Байзак айылындагы Тынай арыктын ремонту үчүн 2022-жылдан үнѳмдѳлгѳн каражаттан бѳлүнгѳн 3111 бересиндеги 2238,2 миң сом каражатын кайра бѳлүштүрүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байзак айылындагы Тынай арыктын ремонту үчүн 2022-жылдан үнѳмдѳлгѳн каражаттан бѳлүнгѳн 3111 бересиндеги 2238,2 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бѳлүнсүн
· Байзак айылындагы административдик имараттын жанында уюшулуп жаткан Жаштар сейил багына «Байзак» ажы атанын айкелин тургузууга 1000,0 мин сом бөлүнсүн,
· Ш. Садыбакасов орто мектебинин ички жасалгасы үчүн 301,4 мин сом бөлүнсүн,
· А. Молдокеев мектебинин орус тили жана адабияты кабинетине эмеректер сатып алууга 500,0 мин сом 3112 бересине жылдырылсын,
· Кайырма балдар бакчасынын капиталдык оңдоп түзѳѳ иштери аяктап калгандыгына байланыштуу балдар ойноочу жайдын айлана тегерегин тосууга 170,7 мин сом бөлүнсүн
· Баш-Кууганды айылындагы таштандыларды топтоочу жайдын айлана тегерегин тосууга кошумча 128,9 мин сом бөлүнсүн
· Келишим менен 2 от жаккыч алуу үчүн алардын айлык акысына 33792 сом (8448 сом*2 ай *2адам),соц фондго 5828 сом (1457*2ай*2адам) жалпы 2 айга 39620 сом АУПтун 2111 беренесине жылдырылсын,
· А.Молдокеев атындагы орто мектепке спорттук шаймандарды алууга 80,0 миң сом 2222 беренесине жылдырылсын,
· Байзак айыл аймагындагы китепканаларга жылыткыч алуу үчүн 17580 сом 2222 беренесине жылдырылсын.
2. Бюджетке өзгөртүү киргизилгендиги боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал райондук башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |