Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-декабры № 98
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №30 “Ош шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндөгү”токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 30 “Ош шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндөгү” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы отурумунун №31 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №30 “Ош шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндөгү” токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомдун 1-тиркемесинин 16-пункттундагы жерлерди сатуудан түшкөн кирешелердин 2021-жылга такталган планы “26954,4” сан менен толукталсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |