Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 9-январындагы №11
«Токтогул шаардык кеңешинин 2025-жылга иш планын бекитүү боюнча»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кенешинин 2025-жылга карата сунушталган Токтогул шаардык кенешинин иш планы боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын маалыматын, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 2025-жыл үчүн түзүлгөн иш планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш планга ылайык иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |