Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №33
«Кетмен-Дөбө айыл чарба черлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин ижара акысы бекитүү»
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомун жетекчиликке алып жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба чарба комитетинин туруктуу комиссиясынын 03.02.2025-жылдагы № 2 протоколун талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 – жылдын 17 – декабрындагы №309 жана 2022 – жылдын 9- сентябрындагы №494 токтомунун негизинде айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин ижара акысы айыл өкмөтү тарабынан сунуштаган баада бекитилсин.
2. Айыл аймагына тиешелүү айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринен Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөн жерлердин ижара акысы 5000 сомдон деп бекитилсин.
3. Айыл аймагынын жашоочуларын айдоо жер менен көбүрөөк камсыз кылуу максатында ижарага бериле турган жердин өлчөмдөрүнө чектөөлөр киргизилсин.
4. Айыл аймагында жашаган аз камсыз болгон адамдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринен 20 пайыз жерлер түз берүү жолу менен берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл чарба,жайыт, муниципиалдык менчиктеги жер, имарат, архитектура,курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.К. Токтогазиевге тапшырылсын.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |