Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-октябры № 628
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын пайдалануу аркылуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен ТИМдин атайын эсебине түшкөн сумманын 15% өлчөмүндөгү каражаттар көрсөтүлгөн маалыматтык системаны техникалык тейлөө, күтүү жана модернизациялоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ошондой эле иши ушул маалыматтык системаны камсыз кылуу менен байланышкан кызматкерлерге дем берүүгө байланыштуу материалдык чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин шайкеш өлчөмдө каржылоо үчүн республикалык бюджеттин кирешесине багытталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |